Бугу 05, 2024
Убакыт: 07:26
USD
88.70
89.60
EUR
95.00
96.00
RUB
0.950
0.975

Балыкчы шаарында башка адамдын Lexus-570 үлгүсүндөгү унаасын сатып жиберген жаран кармалды

Балыкчы шаарында башка адамдын Lexus-570  үлгүсүндөгү унаасын сатып жиберген жаран кармалды

Балыкчы шаарында башка бирөөнүн унаасын 15 миң долларга сатып жиберген жаран кармалды. Бул тууралуу Ысык-Көл облустук ички иштер министрлигинин маалымат кызматы билдирди.


Маалым болгондой, 7-август күнү Сокулук РИИБне Сокулук айылынын 1995-ж.т. А. А. аттуу жараны арыз менен кайрылган. Арызында, үстүбүздөгү жылдын 6-август күнү 10:00 чамаларында Балыкчы шаарынан “Улук” аттуу жаран Армения мамлекетинин номериндеги “Лексус ЛХ-570” үлгүсүндɵгү автоунаасын 17 000 АКШ долларына баалаганын, аны алуу үчүн 15 000 АКШ долларын берип, калган 2000 акча каражатын эки күндүн ичинде автоунааны текшерип туруп берем деген шартына макул болуп, автоунааны ага өткөрүп бергенин билдирген. Сокулук районуна келип, сатып алган автоунааны айдап жүргөн учурда, автоунаа «Атай» аттуу жарандын автоунаасы экендиги белгилүү болгон, ал эми “Улук” аттуу жаран автоунааны “Атай” деген жигиттен ижарага алып, алдап сатып жибергендигин дагы маалымдаган. 

Натыйжада, арыз ээсине келтирилген чыгым 15 000 АКШ долларды түзгѳн. 


Окуя Балыкчы шаарында орун алгандыктан Сокулук РИИБде катталган арызды кароо Балыкчы ШИИБне өткөрүлүп берилген.

Аталган арыз Балыкчы ШИИБдин КБРне катталып, Кыргыз Республикасынын КЖКнин 209 (Алдамчылык) - берененсинин негизинде кылмыш иши козголгон. 

Аталган кылмыш иши боюнча Балыкчы ШИИБдин кызматкерлери тарабынан, тергөө-ыкчам- иштери жүргүзүлүп, кылмышка шектүүнүн өздүгү аныкталып кармалаган. Ал Бишкек шаарынын 31 жаштагы Ж. У. аттуу тургуну болуп чыкты.  

Иликтөө иштеринин жүрүшүндө, кармалган шектүү мурда ушул сыяктуу кылмыштар үчүн бир нече жолу соттолгондугу жана пробация түрүндө жазасын өтөп жатканда, жоопкерчиликтен качып кеткендиктен, издөөдө жүргөнү да аныкталган.


Шектүү, алгачкы суракта күнөөсүн толук моюнуна алып, Балыкчы шаардык сотунун чечими менен шектүүгө карата 2 айга камака алуу баш коргоо чарасы кабыл алынган.

"Тергөө кызматы, кылмышка шектүүнүн, башка ушул сыяктуу кылмыштарга катыштыгы бар экенин жокко чыгарбайт жана бул адамдын алдамчылык аракеттеринин жабыркаган жарандарды, 0705077044, 0394432701телефон номурлары аркылуу байланышууну өтүнөт",- деп айтылат маалыматта.


Аталган иш боюнча тергөө амалдары уланууда.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн