Жетинин айы 25, 2024
Убакыт: 13:03
USD
86.55
87.05
EUR
90.50
91.50
RUB
0.830
0.875

Балыкчы шаарындагы автобекет мамлекетке кайтарылды

12.07.2024 12:15
442
Балыкчы шаарындагы автобекет мамлекетке кайтарылды


Балыкчы шаарындагы автобекет мамлекетке кайтарылды. Бул тууралуу Башкы прокуратурадан маалымдашты.

Балыкчы шаардык прокуратурасы тарабынан жүргүзүлгөн текшерүүдө, Балыкчы шаарынын автовокзалы мыйзамсыз жеке тарапка менчикке берилип кеткендиги аныкталган.

Шаардык прокуратура мыйзамсыз менчиктештирип алган жеке тараптын укук аныктоочу документтерин жокко чыгартуу үчүн сотко доо арыз келтирип, кароонун жыйынтыгында сот органдары тарабынан жараксыз деп табылган.

Анын негизинде шаардык мэрияга прокурордук талап киргизилип, Балыкчы шаарынын Абдрахманов №17-Б дарегинде жайгашкан жалпы аянты 1,67 га болгон, орточо базар баасы 85 млн 501 миң сомду түзгөн Балыкчы автовокзалы мамлекетке кайтарылды.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн