Аяк оона 20, 2024
Убакыт: 09:42
USD
84.20
84.70
EUR
93.50
94.50
RUB
0.890
0.940

Балыкчы шаарындагы ун заводу жер тилкелери менен мамлекетке кайтарылды

19.09.2024 12:13
191
Балыкчы шаарындагы ун заводу жер тилкелери менен мамлекетке кайтарылды


Балыкчы шаарындагы баасы дээрлик 289 млн сомдук ун чыгаруучу заводдун имараттары жер тилкелери менен мамлекеттин балансына кайтарылды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен билдиришти.

Алсак, Мамлекеттик материалдык резервдер фондунун кызмат адамдары тарабынан ун чыгаруучу заводдун объектилерин мамлекеттин менчигинен алуу учурундагы коррупция фактысы боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында төмөндөгү объекттер мамлекеттин балансына кайтарылды: аянты 1 304 чарчы метр, баасы 230 млн 899 миң сом болгон жер тилкеси бар тегирмен, аянты 9 504 чарчы метр, баасы 10 млн сом болгон суу алуучу курулма, аянты 1 550 чарчы метр, баасы 42 млн 460 миң сом болгон жер тилкеси менен даяр продукция кампасы, аянты 129 чарчы метр, баасы 1 млн 357 миң сом болгон трансформатордук имарат, баасы 4 млн 208 миң сом болгон аянты 112,64 чарчы метр жер тилкеси менен жашылча сактоочу жай.

УКМК мыйзамсыз менчиктештирилген жер тилкелерин жана ишканаларды аныктоо жана мамлекеттин балансына кайтаруу боюнча иштерди улантууда.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн