Аяк оона 20, 2024
Убакыт: 11:34
USD
84.20
84.70
EUR
93.50
94.50
RUB
0.890
0.940

Балыкчы шаарынын тургуну “Йакын инкар” идеологиясынан баш тартты

12.04.2023 11:30
225
Балыкчы шаарынын тургуну “Йакын инкар” идеологиясынан баш тартты

Балыкчы шаарынын тургуну “Йакын инкар” диний-экстремисттик кыймылынын  экстремисттик идеологиясынан баш тартты. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин басма сөз кызматы билдирди.


Маалыматка ылайык, УКМКнын Ысык-Көл облусу боюнча башкармалыгы тарабынан “Йакын-Инкар”  мүчөлөрүнүн ишмердигине бөгөт коюуу боюнча тиешелүү чаралар көрүлүүдө, анын менен катар Балыкчы шаарындагы экстремисттик уюмдун активдүү мүчөлөрү менен алдын алуу жана профилактикалык иштер жүргүзүлүүдө.


Көрүлгөн чаралардын натыйжасында “Йакын-Инкар” ДЭКнын активдүү мүчөлөрүнүн бири 1977-жылы туулган А.А.С. өзү тандап алган диний багытынын туура эместигин түшүнүп, экстремисттик идеялардан баш тартып, жарандарды бул экстремисттик кыймылдын мүчөлөрүнүн мыйзамсыз чакырыктарына алданбоого чакырды.


Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн