Чын курандын 27, 2024
Убакыт: 03:23
USD
88.90
89.70
EUR
95.00
96.00
RUB
0.955
0.980

Балыкчыда ЖККУнун “Кобальт - 2022” атайын машыгуусу аяктады (фото)

05.08.2022 15:08
816
Балыкчыда  ЖККУнун “Кобальт - 2022” атайын машыгуусу аяктады (фото)

Бүгүн, 5-августта Ысык-Көл облусунун Балыкчы шаарындагы “Эдельвейс” аскер полигонунда Ички иштер министрлигинин жана Жамааттык коопсуздук келишими уюмуна (ЖККУ) мүчө мамлекеттердин Ыкчам аракеттенүү күчтөрүнүн түзүмдөрүнүн катышуусунда “Кобальт - 2022” атайын-тактикалык машыгууларынын жыйынтыктоочу этабы өттү. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматынан билдиришти.


Маалыматка ылайык, машыгуунун жүрүшүндө уюмга мүчө мамлекеттердин атайын багыттагы бөлүмдөрү бандалык жол-жоболорду, террордук топторду издөө, бөгөт коюу жана жок кылуу, ошондой эле баңгизаттардын контрабандалык каналдарын жабуу жана баңгизаттарды сактоо жана өндүрүү, аларды жок кылуу боюнча скрондорду, лабораторияларды табуу боюнча окуу-машыгуу жана колдонмо Ыкчам-согуштук милдеттерди иштеп чыгышты.


Машыгуунун негизги максаты боюнча төмөнкү атайын операциялар иштелип чыкты: “Мамлекеттик чек аранын мыйзамсыз куралдуу түзүмдөрүнө бөгөт коюу, УКМКнын Чек ара кызматы тарабынан чек ара аймагында согуш аракеттерин киргизүү”, “ЖККУнун Ыкчам чара көрүү жамааттык күчтөрүнүн атайын багыттагы күчтөрүнүн түзүмдөрүнүн тарабынан мыйзамсыз куралдуу түзүлүштөрдүн чачыранды топторун издөө, табуу жана жоюу”, “Улуттар аралык уюшкан баңги топторун издөө, табуу жана жок кылуу”, “Атайын операция болгон районду тосуу, калктуу пунктта чалгындоо-издөө аракеттерин жүргүзүү, ЖККУнун Ыкчам чара көрүү жамааттык күчтөрүнүн атайын багыттагы күчтөрүнүн түзүмдөрүнүн тарабынан мыйзамсыз куралдуу түзүлүштөрдү куралсыздандыруу жана жоюу”, “ЖККУнун Ыкчам чара көрүү жамааттык күчтөрүнүн атайын багыттагы күчтөрүнүн түзүмдөрүнүн тарабынан мыйзамсыз куралдуу түзүлүштөрдү буктурмаларды өткөрүү, уюштуруу жана жок кылуу”, “Коммерциялык банктын имаратында барымтага алынгандарды бошотуу жана мыйзамсыз куралдуу түзүлүштөрдү жок кылуу боюнча атайын бөлүктөрдүн иш-аракеттеринин тактикасы. Объектилердеги өзгөчө кырдаалдарды жоюу. Жаракат алгандарга медициналык жардам көрсөтүү”.


“Мыйзамсыз куралдуу түзүлүштөрдү зыянсыздандыруу жана автотранспортто барымтадагыларды бошотуу боюнча ЖККУнун Ыкчам чара көрүү жамааттык күчтөрүнүн атайын багыттагы күчтөрүнүн түзүмдөрүнүн (полиция, Улуттук гвардия) иш-аракеттеринин тактикасы”.


Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн