Кулжа 29, 2024
Убакыт: 08:01
USD
86.20
87.10
EUR
92.10
93.10
RUB
0.960
1.040

Балыкчыда 24,7 млн сомдук жер тилкеси мамлекеттин балансына кайтарылды

26.06.2024 11:54
115
Балыкчыда 24,7 млн сомдук жер тилкеси мамлекеттин балансына кайтарылды


Ысык-Көл облусунун Балыкчы шаардык прокуратурасы тарабынан мыйзамсыз менчиктештирилип кеткен жер тилкелерин мамлекетке кайтаруу багытында иш-чаралар жүргүзүлүүдө. Бул тууралуу Башкы прокуратурадан маалымдашты.

Алсак, Балыкчы шаарынын айлампасы тарапта жайгашкан 2,75 га жер тилкеси боюнча жеке тараптын укук аныктоочу документтерин жараксыз деп табуу боюнча сот органдарына келтирилген доо арыз толугу менен канааттандырылган.

Анын жыйынтыгында, шаардык мэрияга прокуратура тарабынан талап келтирилип, прокурордук актыны кароонун жыйынтыгы менен орточо базар баасы 24 млн 750 миң сомду түзгөн 2,75 га жер тилкеси мамлекетке кайтарылып алынды.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн