Кулжа 26, 2025
Убакыт: 22:29
USD
87.20
87.70
EUR
101.80
102.80
RUB
1.110
1.135

Балыкчыда 255,6 га жер тилкеси мамлекетке кайтарылды

26.06.2025 19:01
15
Балыкчыда 255,6 га жер тилкеси мамлекетке кайтарылды


Балыкчыда "Ынтымак" ААКтын 255,6 га жер тилкеси мамлекеттин балансына кайтарылды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен билдиришти.


Атайын кызмат тарабынан мыйзамсыз менчиктештирилген жер тилкелерин мамлекеттин менчигине кайтаруу боюнча мамлекеттик саясатты ишке ашыруунун алкагында Балыкчы шаарында жайгашкан "Ынтымак" ААКтын (мурдагы "Балыкчы" жемиш совхоз комбинаты) жерлерин менчиктештирүүнүн мыйзамдуулугу текшерилүүдө.


Текшерүүнүн жүрүшүндө Ысык-Көл районунун Тору-Айгыр - Тамчы айыл аймагында жайгашкан 255,6 гектар аянттагы жер тилкесине жеке менчик укугу жөнүндө мамлекеттик актыны ("кызыл китеп" деп аталат) акционердик коом тарабынан мыйзамсыз алгандыгы аныкталган. Жогоруда аталган жер тилкеси Ысык-Көл райондук мамлекеттик администрациясынын токтомунун негизинде мыйзам бузуу менен берилгени аныкталган.


Мындан тышкары, жер тилкеси көптөн бери өз багыты боюнча пайдаланылбай, иш жүзүндө өздөштүрүлбөй, каралбай калган.


Ошентип, жүргүзүлгөн ыкчам-иликтөө иш-чараларынын жыйынтыгы менен жогоруда аталган жер тилкеси мамлекеттин балансына кайтарылды.


Учурда "Ынтымак" ААКтын карамагындагы башка жер тилкелерин берүүнүн мыйзамдуулугун текшерүү боюнча тиешелүү иш-чаралар уланууда.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн