Балыкчы шаарындагы Л.Толстой мектебинин 5-классынын окуучусу классташ кыздары тарабынан сабалды. Бул тууралуу жергиликтүү милициянын маалымат кызматы билдирет.
Маалым болгондой, 13-апрелде Н.У. аттуу окуучу кызды классташ кыздары сабактан кийин сабаган.
Жабырлануучу кыздын айтымында, анын классташтары начар баа алып калганына аны айыптаган.
Ошол күнү кечки саат 18:00дө сабактан кийин классташтары аны сабаган.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн