Балыкчы шаарында жашы жете элек жөө жүргүнчүнү сүзүп кетүү фактысы Ички иштер министрлигинин жетекчилигинин көзөмөлүнө алынды. Бул тууралуу аталган мекеменин басма сөз кызматы билдирди.
Ички иликтөө кызматынын иликтөөсүнүн негизинде Балыкчы шаардык ички иштер башкармалыгынын башчысы жана аны жол кырсыгы учурунда айдап жүргөн деп айткан агасы ээлеген кызматынан бошотулду.
«Анын мындан аркы ички иштер органдарында болушу тергөөнүн жыйынтыгы менен каралат», — деп билдирди ИИМ.
Эске сала кетсек, 26-январда Балыкчыда 5-класстын окуучусун сүзүп кетишкен. Ал реанимацияда.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн