Бугу 02, 2024
Убакыт: 23:20
USD
88.80
89.70
EUR
94.70
95.70
RUB
0.940
0.975

Балыкчыда 75 млн сомдук темир жол «Кыргыз темир жолу» ишканасынын балансына өткөрүлдү

30.05.2022 17:38
1194
Балыкчыда 75 млн сомдук темир жол «Кыргыз темир жолу» ишканасынын балансына өткөрүлдү


Балыкчыда 75 млн сомдук темир жол «Кыргыз темир жолу УК» ишканасынын балансына өткөрүлдү. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, текшерүүнүн жүрүшүндө Балыкчы шаарындагы «Ысык-Көлоблкурулушматериалдары» ЖАК заводунун жана "Рыбачье" станциясынын аймагында жайгашкан узундугу 3800 метрди түзгөн бириктирүүчү темир жол бар экендиги, бул жолго карата «Кадастр» мамлекеттик мекемесинде жана Балыкчы шаардык мэриясында менчик ээлери катталбагандыгы аныкталган.

Текшерүүнүн жыйынтыгында прокурордук чара көрүү актысы менен жалпы баасы 75 млн 84 миң сомду түзгөн жогоруда аталган темир жолдор мамлекеттин менчигине алынып, «Кыргыз темир жолу» УК» мамлекеттик ишканасынын балансына өткөрүлдү.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн