Аяк оона 20, 2024
Убакыт: 03:58
USD
84.20
84.70
EUR
93.50
94.50
RUB
0.890
0.940

Балыкчыда арак заводу алкоголду мыйзамсыз өндүрүп жаткандыгы аныкталды (видео)

02.10.2020 14:52
791
Балыкчыда арак заводу алкоголду мыйзамсыз өндүрүп жаткандыгы аныкталды (видео)

Мамлекеттик салык кызматынын кызматкерлери Ысык-Көл облусунун Балыкчы шаарында жайгашкан арак заводдорунун биринде спиртти жана алкоголдук ичимдиктерди өндүрүү жана жүгүртүү боюнча лицензиялык талаптарды бузуу фактыларын аныкташты. Бул тууралуу мамлекеттик салык кызматынын басма сөз кызматы билдирди. 

Маалыматка караганда, заводдо ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга маалымат берүү менен чыгым эсептегичтер жана видеобайкоо иштебей жаткандыгы рейддик иш-чаранын жүрүшүндө аныкталды. Мындан тышкары, калдыктарды чыгарууда заводдун спирт сактоочу жайларында контролдук пломбалар, ошондой эле мурда сатылып алынган этил спирти жок экендиги аныкталды, бул өлкөнүн бюджетине тиешелүү салыктарды ушул субъект тарабынан төлөбөй калуу коркунучун жаратат.

Уруксат берүүчү документтердин жоктугуна байланыштуу, мыйзамсыз жүгүртүүдөн 7 миң 842 бөтөлкө даяр алкоголдук продукция тартып алынды, анын ичинен 533 бөтөлкө Казакстан Республикасынын күмөндүү акциздик маркалары менен.

Аныкталган фактылар боюнча чарба жүргүзүүчү субъектке карата КР мыйзамдарына ылайык чаралар көрүлөт.


Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн