Бүгүн, 5-майда Ысык-Көл облусунун Балыкчы шаарында COVID-19 илдети менен ооруган акыркы бейтап айыгып чыкты. Бул тууралуу Республикалык ыкчам штабдан кабарлашты.
Маалыматка ылайык, мындай билдирүү облустук ыкчам штабдын отурумунда айтылган.
Эске салсак, буга чейин
Ысык-Көл областы боюнча коронавирус менен ооругандардын 10 учуру катталган. Алардын
баары айыгып үй карантинине жиберилген.
Ал эми Кыргызстан боюнча бүгункү күндө COVID-19 вируснунан жалпы 600 адам айыкты.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн