Бугу 20, 2024
Убакыт: 16:16
USD
88.20
89.10
EUR
95.60
96.60
RUB
0.960
0.980

Балыкчыда үч эм төрөлгөн үй-бүлөгө президент батир белек кылды

18.07.2022 14:29
340
Балыкчыда үч эм төрөлгөн үй-бүлөгө президент батир белек кылды


Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык коргоо жана миграция министри Кудайберген Базарбаев Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровдун атынан Балыкчы шаарынан үч эм төрөлгөн аз камсыз болгон үй-бүлөгө батирдин ачкычын тапшырды.


Аталган мекеменин басма сөз кызматы билдиргендей, батир Балыкчы шаарынын борборунда жайгашкан, үй борбордук коммуникацияларга туташтырылган. Батир ремонттон өткөн, тиричилик техникалары жана керектуу нерселер бар.


«Ошондой эле үй-бүлөгө автоунаа жана 150 миң сом белекке берилди», - деп айтылат маалыматта.


Кудайберген Базарбаев өз сөзүндө Кыргыз Республикасынын Президенти тарабынан социалдык камсыздоо чөйрөсүнө өзгөчө көңүл бурулуп жатканын айтты. «Өткөн жылдын октябрь айынан бери жашоо шарты оор калктын түрдүү категориялары үчүн жөлөкпулдун өлчөмү үч эсеге көбөйтүлдү. Калкты социалдык жактан тейлөөнүн сапатын жакшыртуу үчүн социалдык кызматкерлердин эмгек акысы жогорулатылды. Мамлекет муктаж болгон жарандардын көйгөйлөрүн чечүүнү улантат. Аларды кылдат жана эффективдүү чечүүнү көздөп жатабыз», - деди ал.


Ал эми үч эмдин ата-энеси Канат Абдылдаев менен Айбарчын Бегалиеванын үйү да, жумушу да жок жана Тоң райондук эмгек, социалдык коргоо жана миграция бөлүмүндө аз камсыз болгон үй-бүлө катары каттоодо турганы белгилүү болду.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн