Аяк оона 22, 2024
Убакыт: 09:31
USD
84.00
84.50
EUR
93.30
94.30
RUB
0.900
0.940

Балыкчыда унаа сүзүп кеткен 11 жаштагы кыздын абалы айтылды

27.01.2024 14:39
287
Балыкчыда унаа сүзүп кеткен 11 жаштагы кыздын абалы айтылды


Балыкчы шаарындагы унаа сүзүп кеткен 11 жаштагы кыздын абалы туруктуу оор. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлиги кабарлады.


Маалыматка ылайык, кыз Балыкчыдагы жалпы дарыгерлер практика борборунун жандандыруу бөлүмүнө жаткырылган.


“Баш, көкүрөк жана ич көңдөйүнүн томографиясы жасалып, анализдер алынган. Тийиштүү дарылануудан өтүп жатат. Абалы туруктуу оор”, - деди министрлик.


Эске салсак, жол кырсыгы кечээ, 26-январда, болгон. Анда Geely Monjaro үлгүсүндөгү автоунаанын айдоочусу 11 жаштагы кызды сүзүп кеткен. Транспорт Балыкчы шаардык ички иштер башкармалыгына таандык экени такталган. Окуя чуу жаратып, кыздын атасы видео кайрылуусунда кырсыкка шаардык милициянын жетекчилеринин бири күнөөлүү экенин айтып чыккан. ИИМ кызматтык иликтөө жүргүзүп, жыйынтыгында рулда болгом деген аймактык тескөөчү менен шаардык милициянын башчысы болуп иштеген агасын иштен алган. Бул факты боюнча проеуратура кылмыш ишин козгоду.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн