Бугу 06, 2024
Убакыт: 13:31
USD
88.70
89.60
EUR
95.20
96.20
RUB
0.950
0.975

Балыкчыда мектепке чейинки уникалдуу билим берүү мекемеси ачылды

05.02.2024 11:13
389
Балыкчыда мектепке чейинки уникалдуу билим берүү мекемеси ачылды


Балыкчы шаарында уникалдуу мектепке чейинки билим берүү мекемеси – "Этно-бала бакчанын" салтанаттуу ачылыш аземи өттү. Бул тууралуу президенттин аймактагы өкүлчүлүгүнөн билдиришти.

Иш-чарага президенттин өкүлү Эмилбек Абдыкадыров, Балыкчы шаарынын активи жана меймандар катышты.

Бул инновациялык долбоор, өсүп келе жаткан муунга кыргыз элинин каада-салтынын, нарк-насилинин жана маданий мурасынын адатында тарбияланууга уникалдуу мүмкүнчүлүк берет.

Облус жетекчи Абдыкадыров өз сөзундө улуттук баалуулуктар боюнча түшүнүктү жаш кезинен билип таалим тарбия алуунун маанилүүлүгүн баса белгиледи.

"Этно-бала бакчада" тарбиячылар балдарды маданиятыбыз менен сыймыктанууга, мекенчилдикке тарбиялоого жана чыгармачыл ой жүгүртүүсүн өнүктүрүүгө багытталган кызыктуу иш-чараларды өткөрүп татыктуу инсандарды тарбиялоого салым кошот деп ишенем", - деди ал.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн