Чын курандын 29, 2024
Убакыт: 10:26
USD
88.80
89.70
EUR
95.00
96.00
RUB
0.945
0.970

Балыкчыда уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү шериги менен кармалды

21.09.2020 17:02
1121
Балыкчыда уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү шериги менен кармалды


Балыкчы шаарында уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү катары ИИМдин ыкчам каттоосунда турган адам тоноочулук менен шектелүүдө. Бул тууралуу Ысык-Көл ОИИБдин басма сөз кызматы билдирди. 


Маалыматка караганда, милицияга 9-сентябрь күнү белгисиз адамдар Балыкчы шаарында аял кишинин үйүнө келишип, күч колдонуу менен мыйзамсыз үйүн тинтишип, 406 миӊ сом акча каражатын тартып алышкандыгын жана белгисиз тарапка качып кетишкендиги жөнүндө ыкчам маалымат түшкөн.


Бул маалыматты текшерүү боюнча атайын ыкчам иликтөө иштеринин натыйжасында кылмышка шектүү адамдардын өздүктөрү аныктогоо жетише алышты. 


Жакында, Ысык-Көл ОИИБдин КМКнын уюшкан кылмыштуулукка каршы күрөшүү бөлүмүнүн изкуубарлары тарабынан кылмышка шектүү эки адам колго түшүрүлдү.


Алар, Балыкчы шаарынын 25 жаштагы тургуну, мурда каракчылык менен соттолуп келген жана ИИМдин ыкчам каттоосунда УКТнын активдүү мүчөсү катары турган М.Н. жана анын шериги  Тоӊ районунун Көк-Мойнок айылынын 37 жаштагы тургуну С.А. болуп чыгышты. 


Аталган факт Балыкчы ШИИБдин КЖБРне катталып, жазык Кодексинин 201-беренесинин 3-бөлүгүнүн 2-пункту (Турак жайга кирүү менен тоноо) менен сотко чейинки өндүрүш иши башталды. Балыкчы шаардык сотунун чечими менен кармалган шектүүлөргө 2 айга камакка алуу баш коргоо чарасы кабыл алынды.    


Учурда тергөө амалдары жүрүүдө. 


Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн