Тогуздун айы 18, 2024
Убакыт: 14:29
USD
85.35
85.85
EUR
92.20
93.20
RUB
0.870
0.910

Балыкчыда жергиликтүү тургундар диний-экстремисттик идеологиядан баш тартты

28.08.2024 16:26
850
Балыкчыда жергиликтүү тургундар диний-экстремисттик идеологиядан баш тартты


Балыкчы шаарынын тургундарына "Йакын Инкар" диний-экстремисттик кыймылынын 6 мүчөсүнө түшүндүрүү жана профилактикалык иш-чаралар жүргүзүлдү. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен билдиришти.

Жүргүзүлгөн иш-чаралардын жыйынтыгында диний-экстремисттик уюмдун мүчөлөрү "Йакын Инкардын" радикалдык-экстремисттик идеологиясынын зыяндуулугун толук түшүнүп, ага мүчө болуудан өз ыктыяры менен баш тартышты.

Мындан тышкары, алар тарабынан рецидив учурларын болтурбоо максатында УКМК тарабынан расмий эскертүү берилди.

УКМК жарандарга Кыргызстанда тыюу салынган экстремисттик жана террористтик уюмдардын ишине катышкандыгы үчүн каралган кылмыш-жаза жоопкерчилиги жөнүндө эскертет.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн