Бугу 05, 2024
Убакыт: 05:26
USD
88.70
89.60
EUR
95.00
96.00
RUB
0.950
0.975

Баңги кылмыштуулугу үчүн издөөдө жүргөн жаран кармалды

21.09.2020 12:44
959
Баңги кылмыштуулугу үчүн издөөдө жүргөн жаран кармалды


ИИМдин Транспорттогу ички иштер башкармалыгынын кызматкерлери баңги кылмыштуулугу үчүн издөөдө жүргөн жаранды кармашты. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы билдирди. 


Маалыматка караганда, ушул жылдын сентярбь айынын ортосунда ИИМдин Транспорттогу ички иштер башкармалыгын ыкчам кызматкерлери ыкчам-издөө иш-чараларын жүргүзүү учурунда коңшу өлкөнүн укук коргоо органдары тарабынан издөөдө жүргөн жаранды кармашкан. Такталган маалымат боюнча КМШ өлкөлөрүнүн биринин жараны болгон 1970-жылы туулган Б.Ш. Казакстандын Кылмыш-жаза кодексинин 296 жана 286-беренелери боюнча баңги кылмыштуулугу үчүн мамлекеттер аралык издөөдө жүргөн.


ИИМдин Транспорттогу ички иштер башкармалыгынын маалыматы боюнча издөөдө жүргөн жаран Чүй облусунун Ысык-Ата районунун аймагында жашынып жүргөн. Азыркы учурда кармалган жаран убактылуу кармоочу жайга киргизилди.  



Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн