Бишкек шаардык милициянын баңгизатка каршы күрөшүү бөлүмүнүн кызматкерлери наркозат сатууга шектелип кармалды. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти.
Маалыматка ылайык, 29-апрелде кезектеги ири көлөмдөгү баңгизатты берүү учурунда милициянын капитаны Б.Д.М. жана анын шериги милициянын лейтенанты Г.М.Б. кармалган.
"Шектүүлөрдүн жашаган жана иштеген жерлеринде тинтүү жүргүзүлүп, баңгизаттар табылды. Учурда тиешелүү экспертизалар дайындалып, кылмыштын бардык жагдайларын аныктоо боюнча ыкчам тергөө иштери улантылууда", — деп айтылат кабарда.
Милициянын капитаны Б.Д.М. УКМКнын тергөө абагына, ал эми лейтенант Г.М.Б. 1-СИЗОго камакка алынганы кошумчаланды.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн