Бугу 21, 2024
Убакыт: 01:08
USD
88.20
89.10
EUR
95.60
96.60
RUB
0.960
0.980

Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматына БУУ тарабынан автоунаалар тапшырылды

29.10.2020 16:10
766
Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматына БУУ тарабынан автоунаалар тапшырылды


Бүгүн, 29-октябрь күнү ИИМдин Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматында БУУнун БКБнын балансынан ИИМдин БМЖКККнын балансына автоунааларды өткөрүп берүү-кабыл алуу аземи болуп өттү. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы билдирди. 


Маалыматка караганда, аземге вице-премьер-министр Максат Мамытканов, БУУнун  БКБнын Кыргызстандагы  программалык кеңсесинин башчысы Андрей Селезнев, иБакчки иштер министри Улан Ниязбеков, ИИМдин БМЖКККнын начальниги Бакыт Матмусаев жана башкармалыктын жетекчилери катышты. 


Белгилей кетсек,  буга чейин аталган автоунааларды жана жабдууларды өткөрүп берүүгө арналган салтанаттуу азем 2020-жылдын 26-июнунда Бишкек шаарында Кыргыз Республикасынын ички иштер министринин орун басары М.Каниметовдун, Япониянын Кыргыз Республикасындагы элчиси мырза Сигэки Маэданын жана БУУнун  БКБнын Кыргыз Республикасындагы Программалык кеңсесинин башчысы  А. Селезневдун катышуусунда өткөрүлгөн.


Кыргыз Республикасынын Вице-премьер-министри Максат Мамытканов Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн жана жеке өзүнүн атынан БУУнун БКБнын Кыргыз Республикасындагы Программалык кеңсесине, АКШнын Өкмөтүнө жана Япониянын Өкмөтүнө Кыргыз Республикасынын баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүүдөгү аракетине ыраазычылык билдирген.


Алардын биргелешкен аракеттеринин аркасында  ИИМдин БМЖКККсы заманбап автоунааларга, жабдууларга жана аналитикалык борборго ээ болушту.


Аталган жабдуулар ыкчам-кызматтык ишмердүүлүктү жүргүзүүдө жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Баңгизаттарга каршы программасын ишке ашырууда, ошондой эле баңгизаттарга байланыштуу кырдаалды жакшыртууда зор өбөлгө болот деп ишенерин белгиледи.


Андан соң министр У.Ниязбеков чыгып сүйлөп,  донорлорго жана катышуучуларга  ИИОнун баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүүсүндө мүмкүнчүлүктөрүн жогорулаткандыгына терең ыраазычылыгын билдирди.   


ИИМ баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы аракеттенүүнү  гана эмес, бул багыттагы ишмердүүлүктү координациялоо боюнча да жүктөлгөн милдеттерди  аткарып келет. 


БМЖККК  жана ИИОнун түзүмдүк бөлүктөрү баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүү боюнча 99 пайыз кылмыштын бетин ачып, мыйзамсыз жүгүртүүдөн  95 пайыздан ашуун баңгизаттарды алган.  


Бул  ИИМдин баңгизаттарды көзөмөлдөө чөйрөсүндөгү өзгөчө ролун белгилөө менен, дайыма дүйнөлүк коомдоштук жана эл аралык уюмдар тарабынан колдоого муктаж экендигин көрсөтөт.


Ошону менен бирге, У. Ниязбеков мындай колдоого арыызычылык билдирип, кабыл алынган жардам иретиндеги жабдуулар максатка ылайык жана натыйжалуу колдонуларын айтып өттү. 


«Кыргыз Республикасындагы баңгизаттарды көзөмөлдөө чараларын бекемдөө» долбоору БУУнун БКБнын Борбордук Азия мамлекеттери үчүн 2015-2020-жылдарга Программасынын «1. Улуттар аралык уюшулган кылмыштуулук, баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүү менен күрөшүү жана террорчулукту алдын алуу программачасынын» алкагында ишке ашырылат.


Долбоордун негизги максаты – Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн эки компетенттүү органынын – Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматынын, Кыргыз Республикасынын Саламаттыкты сактоо министрлигине караштуу Дары-дармек камсыздоо жана медициналык техника департаментинин дараметтерин бекемдөө жолу менен баңгизаттарды контролдоо боюнча улуттук режимди камсыздоо боюнча аракетине ар тараптуу колдоо көрсөтүү.


Долбоорду ишке ашыруу төмөнкү багыттар боюнча ишке ашырылат:


1.Кыргыз Республикасынын баңгизаттарды көзөмөлдөө боюнча чөйрөсүндө мыйзамдарын жакшыртуу.

Кыргыз Республикасынын «Баңги каражаттар, психотроптук заттар жана алардын окшоштору жана прекурсорлору жөнүндө»  Мыйзамынын жаңы редакциясынын долбоору иштелип чыккан,  долбоордун эсебинен 3 эл аралык эксперт Украинадан, Казакстандан жана Грузиядан тартылып, 3 тегерек стол өткөрүлгөн, азыркы учурда мыйзамдын долбооруна коомдук талкуу жүргүзүлүүдө. 


2.Кыргыз Республикасынын ИИМдин БМЖКККнын материалдык-техникалык  базасын жана кадрлык дараметин чыңдоо.


Долбоордун алкагында БМЖКККнын Талас жана Жалал-Абад облустарынын башкармалыктары үчүн административдик имараттарды, ошондой эле Ысык-Көл облусунун Түп районунун Каркыра жергесине БМЖКККнын таяныч пунктун куруу мерчемделген. 


Ошондой эле аталган багытта Кыргыз Республикасынын ИИМдин БМЖКККнын муктаждыктарына 10 автоунаа, компьютердик жана тармактык жабдуулар жалпы 19 млн. 572 миң сом суммасына сатылып алынган. Кадрлык дараметти жогорулатуу алкагында  ИИМдин БМЖКККнын кызматкерлери үчүн 8  семинар-тренинг өткөрүлгөн. Салтанат аземи автоунааларды берүү актысына кол коюу менен аяктады. 



Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн