Бангладештетин Буриганга дарыясында кемелер кагышып, чөгүп кеткен кемеде каза болгондордун саны 23кө жетти. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыкты.
Маалыматка ылайык, дүйшөмбү күнү эрте менен 50-60 жүргүнчү менен бара жаткан Morning Bird ири көлөмдөгү кеме менен кагышкандан кийин чөгүп баштаган.
Куткаруучулар 23 адамдын жансыз денесин суудан алып чыгышкан. Алардын 14тү эркек кишилер, 6 аял жана үч жаш бала экени айтылат. Учурда куткаруу иштери улантылууда.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн