Бугу 06, 2024
Убакыт: 17:58
USD
88.70
89.60
EUR
95.20
96.20
RUB
0.950
0.975

Банктар үстөксүз насыялардын ордуна 20% үстөк менен насыяларды сунуштап коюшууда, - министрлик

05.07.2023 15:14
537
Банктар үстөксүз насыялардын ордуна 20% үстөк менен насыяларды сунуштап коюшууда, - министрлик


Финансы министринин орун басары Руслан Татиков банк кызматкерлери кардарларга Финансы министрлигинин пайызсыз займдарынын ордуна жылдык үстөгү 20 пайызды түзгөн кредиттерди сунуштап жатканы боюнча көптөгөн арыздар түшкөнүн билдирди.


Министрликтин долбоору боюнча берилген пайызсыз кредиттердин мөөнөтү 36 айга чейин белгиленген. Займдын суммасы төмөнкүдөй:


- Жылдык жүгүртүүсү 8 миллион сомду түзгөн жеке ишкерлер 1 миллион сомго чейин ала алышат;

- Жүгүртүүсү 30 миллион сомго жеткен жеке ишкерлер менен юридикалык жактарга 3 миллион сомго чейин берилет.


Татиков коммерциялык 11 өнөктөш-банктын жетекчилери менен жолукту.


"Банк жетекчилери жүгүртүүсү 30 миллион сомго жеткен ишкерлерди каржылоо суммасын 5 миллион сомго чейин жеткирүү сунушун беришти. Татиков эгер бул нерсе бизнеске көп киреше алууга жардам берсе, мындай мүмкүнчүлүктү сөзсүз карай турганын билдирди", — деп айтылат маалыматта.


Жолугушуунун катышуучулары пайызсыз кредиттерди тоскоолдуксуз берүү маселесине дагы токтолушту.


"Өкмөттүн ишкерлерди колдоо долбоору карызга батыруу эмес, бизнести өнүктүрүүгө багытталган. Банк кызматкерлери пайызсыз кредиттердин ордуна жылдык үстөгү 20 пайыздык насыяларды сунуштап жатканы боюнча арыздар көп түшүп жатат. Бизнес бюрократиялык процесстердин курмандыгы болбошу керек. Сиздерди кредит берүү шарттарын оорлотпоого чакырам", — деди Татиков.


Ал эми өнөктөш-банктардын жетекчилери жыл башында долбоор боюнча каражат жетишсиздиги пайда болуп, көйгөй үч айдан ашык убакытка созулганын белгилешти. Министрдин орун басары эгер каражат Финансы министрлиги тарабынан кайтарылары тууралуу кепилдик берилсе, займдарды өз каражатынан бере берүүнү сунуштады.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн