Аяк оона 20, 2024
Убакыт: 10:26
USD
84.20
84.70
EUR
93.50
94.50
RUB
0.890
0.940

Барчайым Сүйөркулова, дарыгер: “Врачтар коронавирустан акча жасап жатат деген ушактар бизди кейитет, таарынтат, капалантат”

23.06.2020 12:00
1097
Барчайым Сүйөркулова, дарыгер: “Врачтар коронавирустан акча жасап жатат деген ушактар бизди кейитет, таарынтат, капалантат”

 

Коронавирус эпидемиясы Кыргызстанда жаңы каттала баштаганда элдин көпчүлүгү олуттуу мамиле жасап, санитардык-медициналык нормаларды сактап, карантиндин шарттарын туура аткарууга аракет кылышкан. Бирок акыркы учурларда бул оорунун жок экени, мунун артында бийликтин акча жасоо саясаты жүрүп жатканы тууралуу эл арасында айың кептер тарады. Ошондой эле 200 миң сом компенсация алуу максатында медицина кызматкерлери арасында ооруну жалган каттатып койгон учурлар болгонун билдиришүүдө. Мындай саясий ушактар элдин ишеничине кабылып, жугуштуу илдеттин терең жайылып кетүүсүнө жол ачып жаткандай.

 

Бул оору Кыргызстанда чындап эле барбы, дарыгерлер акча жасоо максатына өтүп жатабы? Бул суроо менен Талас облусуна караштуу Талас районунун Көк-Ой айылындагы Үй-бүлөлүк дарыгерлер борборунун иммунолог-врачы Барчайым Сүйөркуловага кайрылып көрдүк. Медицина тармагында 42 жылдык тажрыйбага ээ болгон врач март, апрель айларында №6 Көк-Ой лицейинде уюштурулган обсервациялык жайда врач жана комендант болуп иштеген.

 

- Мындай ушактар эл арасында көп айтылып жатат. Бул албетте, саясат. COVID-19 инфекциясы бул - дүйнөлүк пандемия. Бул илдетти жок деп айтууга болбойт. Биз дарыгерлер өтө тобокелчиликте иштеп жатабыз. Ички дүйнөбүздө дайыма коркуу сезими жашайт. Мисалы, жумушта кээде коргонуу костюмдарын кийинип жүрүүгө туура келет. Бул учурда адам ысыйт, тердейт, дем жетпейт, бул бизге керек беле? Айла жок өз милдетиңди аткарууга мажбурсуң. Ойдон чыгарып, ар кайсыны айта берүү - оюн эмес. Кыргызда бирөө бир нерсе айтса, баары ишенип жатып калышат эмеспи.

 

- Анализинен оң натыйжа чыгарып, акча жасаган дарыгерлерди кездештирип, же уккан жайыңыз барбы?

 

- Негизи бул учурда медицина кызматкерлерине колдоо керек болчу. Биздин эмгегибизди баалоонун, колдоо көрсөтүүнүн ордуна акча жасап алууну көздөп жатат деген тескери маанайдагы айыптар бизди кейитет, капалантат жана таарынтат. Чынын айтканда бул акчадан биринчи ден соолугубуз, өмүр бою иштеп жаткан ишибиз жана аброюбуз маанилүү. Себеби биздин айылда дагы артыбыздан ушактар, саясат жүрүп жатат. Ачык-айкын оюндар болууда. Мен обсервацияда иштеп жатканда 30-40 миңден акча алууда деген дооматтар айтылган. Эч кандай башка бирөөдөн акча алган жерибиз болгон жок, айлык акыдан тышкары 11 миң сомдон эки жолу өкмөт бөлүп берген акчадан башка көргөнүм жок. Обсервациядан чыгып жатканда коронавируска каршы анализ тапшырганбыз, жыйынтыгы Кудайга шүгүр таза чыккан, тесттин натыйжасын жасалмалоо боюнча эч кимден, эч кандай сунуштар болгон эмес.

 

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн