Теке 05, 2024
Убакыт: 19:14
USD
85.80
86.70
EUR
92.50
93.50
RUB
0.955
1.000

Бардык аппараттары менен. ӨКМге Россиядан тик учак алынып келинди

16.10.2023 11:00
153
Бардык аппараттары менен. ӨКМге Россиядан тик учак алынып келинди


Кыргызстандын Өзгөчө кырдаалдар министрлигине Россиядан Ми-8 МТВ үлгүсүндөгү тик учак алынып келинди. Бул тукралуу өлкө башчынын маалымат кызматынын жетекчиси Дайырбек Орунбеков социалдык баракчасы аркылуу билдирди.


Анын айтымында, саамалык эки өлкөнүн президенттери Садыр Жапаров менен Владимир Путиндин сүйлөшүүсүнүн натыйжасында болгон.


"Тик учак бардык аппараттары менен алынды. Лебедка, кычкылтек аппараты, медициналык модуль, өрт өчүрүүчү шайманы, жүргүнчү отургучтары, эки капталында кошумча май бактары, жаңыртылган күчтүүрөөк кыймылдаткыч коюлган", — деди Орунбеков.


Ал өзгөчө кырдаалдар тармагында колдонулуучу техника улам жаңыланып, мүмкүнчүлүктөрү кеңейип жатканын белгилеген.


Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн