Чын курандын 29, 2024
Убакыт: 03:22
USD
88.90
89.70
EUR
95.00
96.00
RUB
0.945
0.970

Бардык аймактарда жеке коргонуучу каражаттарды, беткаптарды чыгаруучу ишканаларды уюштуруу зарыл, - Боронов

21.07.2020 19:43
841
Бардык аймактарда жеке коргонуучу каражаттарды, беткаптарды чыгаруучу ишканаларды уюштуруу зарыл, - Боронов


Бардык аймактарда жеке коргонуучу каражаттарды, беткаптарды чыгаруучу ишканаларды уюштуруу зарыл. Мындай пикирин премьер-министр Кубатбек Боронов Республикалык ыкчам штабдын отурумунда билдирген.


Аймактардагы жарандарды беткап жана жеке коргонуучу каражаттар менен толук камсыз кылуу үчүн ар бир облуста цехтер ачылышы керек. Облус жетекчилери бул багыттагы иштерди күчөтүүгө тийиш. Чыгарылган продукциянын элге жеткиликтүүлүгүн камсыз кылуу үчүн баасын дагы көзөмөлдөө керек, - деген Боронов. 


Муну менен катар премьер-министр ар бир аймакка компьютердик томография аппаратын алуу боюнча иштерди күчөтүү тапшырмасын берген.


Аймактарда компьютердик томографиянын иштешин камсыздоо керек. Өкмөттүн облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрү бул медициналык аппаратты жайгаштыруу ордун тактоону уюштуруу маселелерин тез арада чечүүгө тийиш. Компьютердик томография аймакка жеткирилери менен дароо ишке киргендей болсун, - деп кошумчалаган.


Жыйындын жүрүшүндө өкмөт тарабынан дары-дармектердин тартыштыгын жоюу боюнча көрүлүп жаткан чаралар талкууланып, Саламаттык сактоо министрлигине аймактарды медициналык каражаттарды үзгүлтүксүз камсыз кылууну көзөмөлдөө тапшырмасы берилген.


Ошондой эле шаарлар менен райондордогу коомдук жайларды, көчөлөрдү дезинфекциялоо чараларын күчөтүүгө көңүл буруу керектиги белгиленген.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн