Теке 05, 2024
Убакыт: 06:01
USD
85.80
86.70
EUR
92.40
93.40
RUB
0.955
1.000

Барымтага алынган айыл башчы: Жанды берген Кудай алган дагы Кудай деп өлгөн адамдардын сөөгүн чыгарайын дегенде колго түштүм (Видео)

03.05.2021 12:16
1522
Барымтага алынган айыл башчы: Жанды берген Кудай алган дагы Кудай деп өлгөн адамдардын сөөгүн чыгарайын дегенде колго түштүм (Видео)

29-30-апрелдерде Лейлек районундагы чек арада болгон окуяда тажик тараптын колуна түшүп калган Интернационал айылынын айыл башчысы Мырзабек Жумабаев барымтадагы күндөрү боюнча пикирин билдирди. Бул тууралуу ал "Тайм" ютуб каналына айтып берген. 


Анын айтымында, Интернационал айылында тажик тарап менен талаш аймак жок. 


"Бизде айылда эч кандай талаш аймак жок. Мен ошол күнү айылдын башына барсам, 5-6 бала туруптур. Айыл тынчпы десем "өлгөндөр бар" деди. Мен сөөктөрүн алып чыгайлы десем "снайпер менен атып жатат" деди. Жанды берген Кудай алган дагы Кудай деп дубалдын асты менен баратсам, Тажикстандык чек арачылары биздин айылдын үйлөрүнө бекинип алыптыр. Мен аларды көргөн эмесмин да. Анан ошол кармап алып кирип кетти",- деди Жумабаев.



Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн