“Барселонанын” 5 оюнчусу жана 2 машыктыруучусу коронавирус менен симптому жок ооруган. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыкты.
Маалыматка ылайык, пандемия башталганда эле католондук клубдун 7 өкүлүнүн коронавируска тапшырган тестинен оң көрсөткүч чыккан, бирок алардын баарында оору симптому жок өткөн.
Учурда оюнчулар өзүлөрүн жакшы сезип жана оюн талаасына чыгууга даяр экенин билдирген.
Буга чейин Испаниянын футбол клубдары машыгууларын жанданткан. Ла Лиганын оюндары 11-июнда башталат.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн