Бугу 20, 2024
Убакыт: 08:45
USD
88.20
89.10
EUR
95.40
96.40
RUB
0.960
0.975

“Барселона” футболдук клубу стадионунун аталышын сатыкка койду

22.04.2020 15:27
868
“Барселона” футболдук клубу стадионунун аталышын  сатыкка койду


“Барселона” футболдук клубу коронавируска каршы күрөшүүдө каражат топтоо үчүн стадионунун “Камп Ноу” аталышын  сатыкка койду. Бул тууралуу команданын расмий сайттында жарыяланды. 


Испаниялык команда 1957-жылы стадион салынгандан бери анын атын өзгөртүү үчүн сатыкка койгон эмес. Бирок дүйнөдө таркап жаткан илдеттен улам команданын өкүлдөрү мындай кадамга барууда.


Маалыматка таянсак, “Камп Ноу” стадионунун атын бир жылга гана өзгөртүүгө, тактап айтканда 2020/2021-жылга гана уруксат берген.


Ал эми андан түшкөн каражат Каталония шаарындагы жана бүткүл дүйнөдөгү коронавирус илдетин изилдөөгө сарпталат.

 

"Камп Ноу" Европадагы эң чоң стадион, анын ичине 99 миң киши батат.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн