Чын курандын 25, 2024
Убакыт: 18:29
USD
88.90
89.70
EUR
94.80
95.80
RUB
0.950
0.975

Баш байге 250 миң сом. Замирбек Үсөнбаевдин 70 жылдык мааракесине карата өткөн сынактын жыйынтыгы чыкты

17.10.2022 11:21
2198
Баш байге 250 миң сом. Замирбек Үсөнбаевдин 70 жылдык мааракесине карата өткөн сынактын жыйынтыгы чыкты

Залкар төкмө акын, Кыргыз Республикасынын эл артисти Замирбек Үсөнбаевдин 70 жылдык мааракесине карата ырчы, дастанчы жана акындар арасында профессионал аткаруучулар үчүн өткөн сынак жыйынтыкталды.


Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги билдиргендей, калыстар тобунун чечими менен Бакыт Акматов баш байгени утуп, 250 миң сом акчалай сыйлыкка татыды.


Ал эми 1-орунду Турдукан Сарбанова (160 миң сом), 2-орунду Калыбек Турганов (120 сом), үчүнчүлүктү болсо Улукбек Токтоболот уулу (100 миң сом) ээледи. Андан тышкары, калган катышуучуларга кызыктыруучу акчалай сыйлык тапшырылды.


Жеңүүчүлөргө байгелерди төкмө акын Замирбек Үсөнбаев өзү жана маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Алтынбек Максутов, Коомдук телерадио берүү корпорациясынын башкы директору Кайрат Иманалиев, калыстар тобунун төрагасы, Кыргыз эл артисти Түгөлбай Казаков, Кыргыз эл акыны Анатай Өмүрканов баштаган белгилүү инсандар тапшырышты.


Иш-чарада Алтынбек Максутов Замирбек Үсөнбаев атындагы кароо-сынакты быйылкы жыл менен гана токтотуп койбостон, мындан ары жыл сайын өткөрүп турууну өз көзөмөлүнө аларын белгиледи.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн