Чын курандын 24, 2024
Убакыт: 02:23
USD
88.90
89.70
EUR
94.60
95.60
RUB
0.945
0.960

Баш байге миллион сом. Эгемендүүлүктүн 30 жылдыгына арналган казак-кыргыз айтышы өтөт

19.08.2021 15:03
1238
Баш байге миллион сом. Эгемендүүлүктүн 30 жылдыгына арналган казак-кыргыз айтышы өтөт

Кыргыз Республикасынын көз карандысыздыгынын 30 жылдыгына арналган кыргыз-казак ХIV эл аралык айтышы өтөт. Бул тууралуу Маданият министрлигинин маалымат кызматы билдирди.


Жобосу


Кыргыз Республикасынын көз карандысыздыгынын 30 жылдыгынын алкагында Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги Республикалык “Айтыш” коомдук фонду менен биргеликте Өтө Көкө уулунун (Жеңижок) 160 жылдык, казак элинин акыны Жамбыл Жабаевдин 175 жылдык мааракелерине арналган кыргыз-казак эл аралык айтышын өткөрөт.


Максаты: 

- Кыргыз элинин байыркы тарыхы менен маданиятын жандандыруу багытында улуттук мүнөздөгү төкмөлүк жана айтыш өнөрүнө байланышкан сынактарды уюштуруу аркылуу элдин маданиятка болгон кызыгуусун өстүрүү;

- кыргыз-казак достугун чыңдоо;

- төкмө акындык өнөрдү өнүктүрүү;

- жаңыдан өсүп келе жаткан жаш таланттарды коомчулукка таанытуу, шык берүү.

Айтыштын 1 – айлампасы жана 2 – айлампасы эки баскычта жарым финал жана финал тартибинде өтөт. Балоо балдык системада жүргүзүлөт. 

1 – баскыч (тандоо): 2021-жылдын 20-август күнү саат 10:00 дө, Коомдук телерадио корпорациясынын концерттик залында өткөрүлөт.


Тандоо критерийлери:  

1. Кыргыз Республикасынын бардык аймагынан акындар катыша алат, жаш курагы жана башка өзгөчөлүктөрү чектелбейт.

2. Айтышкан ар бир жупка 10-12 мүнөттөн убакыт берилет.

3. Упай тең болуп калган учурда жашы улуусуна жол берилет.

4. 8 акын тандалып алынып, Казакстан Республикасынан келген 8 акын менен бирге жалпы 16 акын айтышка катышат.

2 – баскыч (финал): 2021-жылдын 30-31-август күндөрү Т. Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясында өткөрүлөт.

Башталышы: саат18:00


Айтышкан акындардын төмөнкү артыкчылыктарына карата баа берилет:

1. Ырынын көркөмдүгү, төкмөлүк шыгы, уйкаштыгы, оюнун тереңдиги, салттуулугу, нарктуулугу.

2. Аткаруучулук чеберчилиги.

3. Сахнадагы маданияты.

Байге фонду: 1 000 000 (бир миллион) сом.

Кыргыз Республикасынын көз карандысыздыгынын 30 жылдыгына арналган кыргыз-казак ХIV эл аралык айтышына кош байге коюлат.

Уюштуруу тобу: 

- Кыргыз Республикасынын маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги,

- Республикалык “Айтыш”коомдук фонду.

Дареги: Бишкек шаары, Жибек Жолу 625.

Байланыш номуру: 0702 44 41 44

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн