Аяк оона 19, 2024
Убакыт: 23:05
USD
84.20
84.70
EUR
93.50
94.50
RUB
0.890
0.940

Баш кошуу максатында кызды ала качкан жаран кармалды

16.04.2021 16:31
784
Баш кошуу максатында кызды ала качкан жаран кармалды

Бишкекте киши уурдоого шектүү жаран кармалды, - деп билдирет Милициянын кайгуул кызматынын маалымат кызматы.


Билдирүүгө ылайык, күн мурун, 15-апрелде болжол менен саат 20:20лар чамасында Бишкек шаардык милициясынын “102” кызматына Шопоков жана Токтогул көчөлөрүнүн кесилишинен кызды унаага салып уурдап кетишти деген маалымат түшкөн.

Айтылган дарекке кайгуул кызматкерлери келип, белгисиз жаран никеге туруу максатында кызды “Субару Легаси” автоунаасына салып, уурдап кеткендигин аныкташкан.

Чакыруу менен келген милициянын кайгуул кызматкерлери ыкчам кармоо иш-чараларын жүргүзүп, Шопоков жана Линейный көчөлөрүнүн кесилишинен 26 жаштагы А.А. аттуу жаанды шектүү катары кармап, Свердлов райондук ИИБнын Тергөө кызматына өткөрүп беришкен.

Бул факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, сотко чейинки өндүрүшкө алынды.

Милициянын кайгуул кызматынан кыз аман-эсен ата-энесине өткөрүлүп берилгендигин кошумчалашты.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн