Чын курандын 28, 2024
Убакыт: 23:39
USD
88.90
89.70
EUR
95.00
96.00
RUB
0.945
0.970

Баш оорунун пайдасы

25.06.2020 18:38
1034
Баш оорунун пайдасы


АКШнын Вирджиния штатынын Хенрико шаарында жашаган Ольга Ритчиге баш оору пайда алып келди. Бул айым ушул айдын жыйырма экисинде башы күтүүсүз катуу ооругандыктан, дары алуу үчүн жакын жайгашкан дүкөнгө барууга аргасыз болгон.


Times Now басылмасына айтып бергенине караганда, Ольга дары менен бирге лотерея билетин да сатып алган.


Билет олжолуу болуп чыкты. Ольга үйүнө келип билеттин коргоочу каптамын сүртүп көрүп өз көзүнө ишене алган эмес – ал жерде 500 миң доллар деген утуш жазылып турган.


Ошентип, ал эки саатта жарым миллион долларга байыды.


Бактылуу айым утуштун чегин колуна алууга да үлгүрдү, бирок мынчалык акчаны кандай коротууну ойлоно элек.


Утуштун жарымын ал пенсия жана үйдун ремонту үчүн калтырарын гана билет.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн