Бүгүн, 8-октябрда саламаттык сактоо министри Сабиржан Абдикаримов өлкөдө корорнавирус жуктурган учурлар көбөйө баштаганын айтып, жарандарды санитардык эрежелерди сактоого чакырды.
Анын айтымында, кечээ жана бүгүн коронавирустун эң көп жаңы учурлары катталды
"Баш аламандыктын кесепетинен адамдар облустардан шаарга келип, кайра кетишүүдө. Оорунун таркап кетүү коркунучу бар, анткени көпчүлүк санитардык талаптарды сактабайт. Ошол эле учурда суук түштү, бул суук тийүү ооруларына таасир берет. Бардык жарандарды санитардык ченемдерди сактоого, зарылдык жок болсо көчөгө чыкпоого, беткап кийүүгө, антисептик колдонууга жана социалдык аралыкты сактоого чакырам", - деди Сабиржан Абдикаримов.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн