Президент Садыр Жапаровдун Түркмөнстандан ары Тажикстанга расмий сапар алышы кыргыз коомчулугунда талаш пикирлерди жаратты. Айрым социалдык түйүндөрдүн колдонуучулары ашкере сөздөрдү да айтып жиберишти. Алардын түшүнүгүндө мамлекет башчысынын Тажикстанга барышы коркоктук, кыргыз элинин ар-намысын тебелегендик экен.
Ырас, ушул жылдын апрель айынын аягында тажик тараптын Баткен облусундагы чек арага жакын айылдарга куралдуу кол салуусу – бул жырткычтык мамиле болду. Коңшулук, достук мамилелердин чегинен чыкты. Тынч жаткан айылдарды бастырып кирип, куралсыз элге ок атты, үйлөрдү өрттөдү. Мунун баары териштирилүүгө жата турган, акыры бир тыянак чыгарыла турган окуя. Ал эч качан унутулбайт.
Бирок, эл аралык мамилелерде коомчулукка ачык айтылбай турган да жагдайлар болот. Айрым учурларда компромисске баруу, айкөлдүк кылууга туура келет. Айрым учурларда бири-бирине сыртын салып жаткан мамлекеттердин башына башка үчүнчү бир жактан кара булут айланып келет. Дал ушундай жагдайды бүгүнкү күндө Афганистандын өкмөттүк күчтөрү менен «Талибан» жоочуларынын ортосундагы айыгышкан салгылаш түзүп отурат. Бул салгылаш Афганистан менен Тажикстандын чектеш аймагында болуп жатканын да эске алуу керек. Талибандардын согуштук аракеттери учурда бүтүндөй Борбор Азияны чоочутуп турган убак. Мындай учурда Казакстан, Өзбекстан, Кыргызстан. Тажикстан мамлекеттеринин биргелешкен ынтымагы керек.
Маани бере турган дагы бир жагдай, жеңишти багындыруу, ийгиликке жетүү үчүн дайыма эле кекирейип тура берүү чекилик иш болот. Балким, Садыр Жапаровдун да өзүнүн эч кимге айтпаган планы бар чыгар. Балким, анын Тажикстанга жасаган сапары туура болгону убакыттын өтүшү менен билинет. Андыктан, алдын-ала эле өзүбүздүн башчыбызды өзүбүз кемсинтип, кордоп, сындап калуудан карманып турганыбыз оң болор.
Касташкан, же сыртын салышкан мамлекеттердин ортосунда акыры бирөөсүнүн биринчи кадамы жасалышы зарыл. Эгерде эки тарап тең тоң моюндук кылуусун узакка создуктура беришсе, анда мурункудан да оор кесепеттер кайталанышы мүмкүн. Ошондо «Эмне үчүн президент чакырып жатканда барып, бул маселени чечип келген эмес?» деп сындай тургандар да табылмак.
Дагы бир маанилүү жагдай, эл аралык мамиледе кайсы бир мамлекеттин башчысынын расмий чакыруусун четке кагуу өтө чоң катачылык болот. Муну элибиз илгери эле «Чакырган жерден калба, өзүң басып барба» деп айтып коюшкан. Тажик бийлиги Кыргызстандын президентин расмий сапар менен Душанбеге келип кетүүсүн расмий суранса, анан андан баш тартуу ансыз да жакшы болбой турган мамиленин дагы да оорлошуна алып барбайт болчу деп ким айта алат?
Деги эле 30 жылдан бери карай биз мамлекет башына келген адамды сыйлап, анын чечкиндүү кадамдарды жасашына дайыма тоскоолдук гана жасап келебиз. Оңго басса да, солго басса да сындайбыз. Коррупцияга шектүүлөрдү камаса да, камабай койсо да жакпайт. Катуураак басса таскак дейбиз, акырын басса аксак дейбиз. Биринчи эки президентти кубаладык, бирөөнү мөөнөтү аяктагандан кийин камадык, бирөөнү мөөнөтү аяктай электе тактан кулаттык. Ушунун баарын эрдик катары санап турабыз.
Азыр мамлекет башына ким келсе дагы өлкөнүн экономикасын, маданиятын, деги эле бардык тармактарын заматта көтөрүп жибере албайт. Чырмалышкан коррупцияны тазалоо, кынтык эле издеп турган коомчулукту туура жолго салууга көп убакыт керек. Себеби, бул көрүнүштөр бизде узак жылдардан бери өкүм сүрүп, өнөкөт оору сыяктуу болуп калган. Бир жагынан «айыктыра» баштасаң, экинчи тарабынан «оору» күчөй берет. Ушуну азыр баарыбыз туура түшүнүп, өзүбүздү өзүбүз «дарылоону» колго алышыбыз зарыл. Башчыбызды сыйлай билгенде гана мамлекетте туруктуулук, стабилдүүлүк жана эртеңки күнгө ишеним болот. Себеби, өз элинин урмат-сыйын сезип турган башчыда да ишенимдүүлүк жана бекем эрк ойгонот. Элдин ишеними жана үмүтү сый-урмат менен коштолбой, жалаң ур-тепки менен коштолсо кайдагы жылыш болмок эле?
Сагынбек Сатыкеев
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн