Пандемиянын башталышынан бери катталган пневмония учурлары коронавирус инфекциясына байланыштуу өпкөнүн сезгениши катары каралып келген. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинин штаттан тышкаркы башкы пульмонологу Талант Сооронбаев 20-юлдагы брифингде билдирди.
Анын айтымында, пневмонияны дарылоо тактикасы да ар башка болгон эмес.
"Азыркы күнгө чейин өпкөнүн сезгенишин дарыгерлер коронавирустук инфекциясынан улам пайда болгон оору катары карап келишүүдө. Аны дарылоонун так жолу көрсөтүлгөн. Азыркы күнгө чейин пневмония аныкталган жарандар коронавируска байланыштуу катары дарыланууда", - деди адис.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн