Бугу 20, 2024
Убакыт: 14:38
USD
88.20
89.10
EUR
95.60
96.60
RUB
0.960
0.980

Башка мамлекеттердеги Кыргызстандыктарды алып келүүдө кыйынчылык жаралууда

18.03.2020 15:28
697
Башка мамлекеттердеги Кыргызстандыктарды алып келүүдө кыйынчылык жаралууда


Эпидемиологиялык кырдаалга байланыштуу чет өлкөгө чыгып кеткен Кыргызстандыктарды алып келүү кыйынчылык жаратууда. Бул тууралуу коронавируска байланыштуу кырдаал боюнча түзүлгөн Республикалык штабдан билдирди.


Эпидемиологиялык кырдаалга туш болгон өлкөлөрдүн көпчүлүк бөлүгү чек араларын жабышты. Мындай абалда чет элдик жарандардын чыгуусуна бардык жерде уруксат берилери кабарланды.


“Учурда авиабилдирүүлөрдүн жана транспорттун башка түрлөрү менен жүргүнчүлөрдү ташуу толугу менен жок болуп жаткандыктан, ошондой эле, коңшу өлкөлөр менен чек аралардын жабылышынан улам, биздин жарандардын сыртка чыгып кетүүсү жана Кыргызстанга кайтуусу кыйынчылык жаратууда. Ошондой эле, көптөгөн өлкөлөр коронавирус инфекциясынын жайылышы жогору делген өлкөлөрдөн келген чет элдик жарандардын транзиттик каттоолоруна дагы тыюу салды”, - деп айтылат маалыматта. 

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн