Аяк оона 21, 2024
Убакыт: 06:16
USD
84.00
84.50
EUR
93.30
94.30
RUB
0.900
0.940

Башка оорудан каза болгондорду коронавирус деп эсептебөө керек

24.06.2020 10:40
1160
Башка оорудан каза болгондорду коронавирус деп эсептебөө керек


24-июндагы брифингде саламаттыкты сактоо министринин орун басары Мадамин Каратаевден Улуттук госпиталда жана Шаардык клиникалык ооруканада 6 жаран коронавирустан каза болгондугу тууралуу суралды.


Ага министрдин орун басары коронавирустан эмес, башка дарттан да каза болгондор бар деп жооп берди.


“Башка оорудан каза болгондорду коронавирус деп эсептебеш керек. Өлүмгө алып келген башка оорулар да бар. Мисал катары, Улуттук госпиталдан жүрөк-кан тамыр патологиясы, өтүшүп кеткен өнөкөт оорулар, инсульттан жана башка оорулардан каза болгондор да арбын. Шаардык №6 клиникалык ооруканадан эч ким каза болгон эмес. Ал эми Улуттук госпиталда кайтыш болгондор бар. Менде алардын өздүгү да бар, алар коронавирустан каза болгон эмес”, - деди Каратаев.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн