Чын курандын 28, 2024
Убакыт: 19:28
USD
88.90
89.70
EUR
95.00
96.00
RUB
0.945
0.970

Башкаруу формасы боюнча референдумдун бюллетени 30-декабрга чейин аныкталат

14.12.2020 09:15
518
Башкаруу формасы боюнча референдумдун бюллетени 30-декабрга чейин аныкталат

30-декабрга чейин Башкаруу формасын аныктоо боюнча референдум үчүн бюллетендин тексти БШК тарабынан бекитилет. Бул тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөсү Кайрат Осмоналиев журналисттерге билдирди.


Анын айтымында, мыйзам долбоору кабыл алынып, кол коюлду. Ал күчүнө кирди жана БШК даярдыктарды көрө баштады.


Бюллетенди 30-декабрга чейин бекитүүбүз керек. Суроолор демилгени иштеп чыгуучу тарабынан иштелип чыккан, андыктан маселени 20-декабрга чейин чечебиз. Календардык планды жана сметаны кийинки жумада кабыл алабыз. Ошондой эле оң жана терс топторду катташыбыз керек. Үгүт иштерин мыйзам күчүнө киргенден баштап баштаса болот”, – деди Кайрат Осмоналиев.


Ошондой эле, ал депутаттар жана аткаминерлер мыйзам чегинде үгүт иштерин жүргүзө албай тургандыгын эскертти.


Референдумга Кыргыз Республикасынын башкаруу формасын тандоого байланыштуу маселе коюлат:


– президенттик республика,


– парламенттик республика,


– Баарына каршы.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн