Кыргызстандын Новосибирск шаарындагы башкы консулу Айбек Айдарбеков Кемерово шаарына иш сапары менен барды.
Тышкы иштер министрлигинен билдиришкендей, ал Казакстан, Өзбекстан, Тажикстан жана Буларустун дипломатиялык жана консулдук мекемелеринин башчыларынын делегациясынын курамында Кемерово облусу – Кузбасс Губернатору И.Середюк менен жолугушту.
Жолугушуунун жүрүшүндө Кыргызстандын Кемерово облусу-Кузбасс менен соода-экономикалык, маданий-гуманитардык жана илимий-билим берүү чөйрөлөрүндө аймактар аралык кызматташуусун активдештирүү маселелери талкууланды.
Башкы консул Айдарбеков аймактар аралык өз ара аракеттенүү маселелерин мындан ары илгерилетүү максатында Нарын облусу менен Кемерово облусунун ортосунда соода-экономикалык, маданий-гуманитардык жана илимий-билим берүү кызматташтыгын тереңдетүү жана кеңейтүү боюнча келишимге кол коюуну, кызматташуу маселелерин талкуулоо жана жолугушууларды өткөрүү үчүн кийинки жылы Кемерово облусунун расмий жана ишкер делегациясынын Кыргызстанга иш сапарын уюштурууну, ошондой эле Кыргызстан менен Кемерово облусунун ишкерлеринин катышуусу менен бизнес-форум уюштурууну сунуштады.
Иш сапардын алкагында Айдарбеков Кемерово облусунда жашаган кыргыз диаспорасы жана КР жарандары менен жолугушуу өткөрдү.
Ошондой эле КР Башкы консулдугунун кызматкерлери Кемерово мамлекеттик медициналык жана Кемерово мамлекеттик университетинде окуп жаткан кыргызстандык студенттер менен жолугушуп, Россиянын миграциялык мыйзамдарын так сактоо жана кылмыштуу иштерге катышуусуна жол бербөө жөнүндө маалыматтык-түшүндүрүү иштерин жүргүзүштү.
Башкы консулдуктун кызматкерлери Кемерово облусунун №40, №41 жана №5 түзөтүү колонияларына барып, соттолгон 14 КР жарандары менен жолугушууларды өткөрүп, андан ары жаза өтөө үчүн КР аймагына которуу жол-жоболору жөнүндө маалыматтык-түшүндүрүү иштерин жүргүзүштү.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн