Аяк оона 17, 2024
Убакыт: 02:17
USD
84.40
84.90
EUR
93.20
94.20
RUB
0.915
0.960

Башкы прокуратура 133 кызмат адамын тартиптик жоопкерчиликке тарткан

19.05.2020 09:10
923
Башкы прокуратура 133 кызмат адамын тартиптик жоопкерчиликке тарткан


Жогорку Кеңештин Укук тартиби, кылмыштуулук менен күрөшүү жана коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча комитетинин жыйынында Башкы прокурордун 2019-жылдагы ишинин отчету каралды. Бул тууралуу ЖК басма сөз кызматынан билдирди.

Жыйында баяндама жасаган башкы прокурор Өткүрбек Жамшитов өткөн жылы коррупцияга каршы аракеттенүү, коррупциялык укук-бузууларды азайтуу, социалдык чөйрөнү жана балдардын укуктарын коргоо, мыйзамдардын сакталышына карата көзөмөлдү камсыз кылуу багытында жигердүү иштер аткарылганын белгиледи.

"Мыйзамдуулукту бекемдөө багытында 10 780 текшерүү жүргүзүлүп, 36 044 мыйзам бузуу аныкталды. Мындан тышкары мыйзамдарга каршы келген жана коррупциялык тобокелдиктерди жараткан 1 301 мамлекеттик жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, айрым учурларда өкмөттүн чечимдерине карата каршылык билдирилип, алар мыйзам талаптарына ылайык келтирилди", - деди ал.

Ошондой эле 2019-жылы өкмөттүн айрым ченемдик-укуктук актыларынын мыйзамдуулугу боюнча 10 эскертүү берилгенин айтты башкы прокурор. "Жалпысынан өкмөттүн жана министрлик менен мекемелердин аппараттарына 108 акты киргизилип, 133 кызмат адамы тартиптик жоопкерчиликке тартылды", - деди Жамшитов.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн