Аяк оона 21, 2024
Убакыт: 01:25
USD
84.00
84.50
EUR
93.30
94.30
RUB
0.900
0.940

Башкы прокуратура Адахан Мадумаровду кылмыш жоопкерчилигине тартуу өтүнүчү менен ЖКга кайрылды

10.02.2022 15:04
755
Башкы прокуратура Адахан Мадумаровду кылмыш жоопкерчилигине тартуу өтүнүчү менен ЖКга кайрылды

Бүгүн, 10-февралда Башкы прокуратура Жогорку Кеңештин депутаты, "Бүтүн Кыргызстан" партиясынын лидери Адахан Мадумаровду кылмыш жоопкерчилигине тартууга уруксат берүү үчүн Жогорку Кеңешке кайрылды. 


Адахан Мадумаров кайсы кылмыш иши боюнча жоопкерчиликке тартылары азырынча белгисиз. Буга чейин депутат бир нече жолу кыргыз-тажик чек арасы боюнча 2009-жылы кол койгон протокол боюнча Башкы прокуратурага сурак берген.


Ал эми Жогорку Кеңештин Конституциялык комитети маселени кароо үчүн 15 мүнөт убакыт сурады.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн