Алмаз Мамбетовго карата төрт кылмыш иши тергелип жатат. Бул тууралуу 24.кг агенттиги Башкы прокуратурага таянып кабарлады.
Маалым болгондой, кылмыш иштер Алмаз Мамбетов Балыкчы шаарынын мэри болуп турган мезгилде козголгон. Учурда иш тергелип жатат. Кылмыш иши боюнча мэрден тышкары мэриянын башка кызматкерлери да айыпталууда. Мамбетовдун Ош шаарындагы ишмердүүлүгүнө тиешеси жок.
Башкы көзөмөл органыннын маалыматы боюнча, буга чейин бул иш боюнча Балыкчы шаарынын биринчи вице-мэри Азиз Асаналиев кармалган. Ал 11-октябрда үй камагына чыгарылган.
Эске салсак, Алмаз Мамбетов 2014-2019-жылдары Балыкчы шаарынын мэри болуп иштеген.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн