Бугу 19, 2024
Убакыт: 15:11
USD
88.20
89.10
EUR
95.40
96.40
RUB
0.960
0.975

Башкы прокуратура Арстан Алайдын өлүмү боюнча териштирүүнү баштады

06.01.2024 20:20
306
Башкы прокуратура Арстан Алайдын өлүмү боюнча териштирүүнү баштады


Башкы прокуратура Арстан Алай деген каймана ат менен белгилүү Арстанбек Абдылдаевдин өлүмү боюнча тийиштүү кызмат адамдарына карата текшерүүнү баштады.

Башкы прокуратуранын билдирүүсүндө мындай деп айтылат:

"КР УКМКнын Чүй облусу боюнча башкармалыгынын өндүрүшүндөгү кылмыш иши боюнча Кыргыз Республикасынын КЖКнын 330-бер. 1-бөл. (расалык, этностук, улуттук, диний же региондор аралык кастыкты (араздашууну) козутуу) менен айыпталган А.Абдылдаев (Арстан Алай)Бишкек шаарынын Октябрь райондук сотунун токтому менен бөгөт коюу чарасы камакка алуу түрү тандалып, Юстиция министрлигине караштуу Жаза аткаруу кызматынын (ЖАК) 21-мекемесинде (ТИЗО-1) кармалган.

2023-жылдын 28-декабрында А.Абдылдаев ден соолугуна даттангандыктан, ЖАКнын 21-мекемесинин дарыгерлеринин жолдомосу боюнча ЖАКнын 31-мекемесинин аймагында жайгашкан борбордук ооруканасына медициналык текшерүү жана дарылоо үчүн которулган.

Аталган 31-мекеменин терапия бөлүмүндөгү палатага А.Абдылдаев жалгыз өзү жайгаштырылып, тийиштүү медициналык дарылоодон өтүп жаткан.

Алгачкы текшерүүдө аныкталгандай, А.Абдылдаев 2024-жылдын 4-январынын 5-январына караган түнү электрочайнектин зымын (шнур) сүлгүсү менен байлап ашкананын тамактануучу бөлмөсүндө асынып алган.

Ал эми, А.Абдылдаевдин асынган абалдагы денеси 2024-жылдын 5-январында таңкы саат 05:15 чамасында табылган.

Ошондой эле, А.Абдылдаевдин денесин кароо жүргүзүү учурунда, маркумдун моюнунда зымдын изинен башка криминалдык күч колдонгон башка жаракаттары бар экендиги аныкталган эмес.

А.Абдылдаевдин өлүмүнүн келип чыгуу себептерин аныктоо боюнча соттук-медициналык, соттук-биологиялык, соттук-трассалогиялык, соттук-психиатриялык жана башка тийиштүү амалдары жүргүзүлүүдө.

Жогорудагы жагдайлар боюнча, Башкы прокуратура тарабынан тергөөгө чейинки текшерүү иштери башталып жыйынтыгы менен мамлекеттик органдарынын кызмат адамдарынын кыймыл аракеттерине карата юридикалык баа берилет".

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн