Бугу 07, 2024
Убакыт: 04:20
USD
88.70
89.60
EUR
95.20
96.20
RUB
0.950
0.975

Башкы прокуратура: Аскер кызматкеринин мыйзам бузуулар тууралуу билдирүүсү тастыкталды

19.02.2024 16:01
200
Башкы прокуратура: Аскер кызматкеринин мыйзам бузуулар тууралуу билдирүүсү тастыкталды


Каракол шаарындагы 2028 аскер бөлүгүнүн жооптуу кызмат адамдары камакка алынды. Бул тууралуу Башкы прокуратурадан билдиришти.

Маалыматка ылайык, КР Аскер прокуратурасы тарабынан кенже сержант Ж.Асанакунованын 2028 аскер бөлүгүндөгү жооптуу кызмат адамдарынын бир топ мыйзамсыз аракеттери тууралуу жалпыга маалымдоо каражаттарында чагылдырылган видео кайрылуусу боюнча текшерүү жүргүзүлдү.

Текшерүүдө Ж.Асанакунованын кайрылуусундагы 5 дооматы боюнча мыйзам бузуу фактылары аныкталды.

Аталган фактылар боюнча аскер бөлүктүн жооптуу кызмат адамдарына карата Кылмыш-жаза кодексинин 337-беренеси ("Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу"), 346-беренеси ("Кызматтык жасалмачылык"), 210-беренеси ("Ишенип берилген мүлктү ыйгарып алуу, коротуу") жана 131-беренеси ("Ден соолукка анча оор эмес залал келтирүү") менен кылмыш иши козголду.

Кылмыш иштин алкагында кылмышка шектүү катары аскер бөлүктүн командири А.Б., анын орун басары Б.К., прапорщик К.К. уулу жана жеке ишкер Т.Е. камакка алынышты.

Учурда тергөө иштери улантылып, кылмышка тиешеси бар башка адамдар такталууда.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн