Бугу 19, 2024
Убакыт: 19:13
USD
88.20
89.10
EUR
95.40
96.40
RUB
0.960
0.975

Башкы прокуратура: Б.Жалилов жана С. Эгембердиев мамлекетке 2,4 млн сом зыян келтирген

Башкы прокуратура: Б.Жалилов жана С. Эгембердиев  мамлекетке 2,4 млн сом зыян келтирген

Баткен областтык прокуратурасы тарабынан Лейлек районундагы Жаңы-Жер айыл өкмөтүнүн мурдагы башчысы С.Э., айыл өкмөт башчынын мурдагы орун басары А.А. жана мурдагы башкы бухгалтери “Ж.Б.” сапатсыз курулуш иштери үчүн куруучуларга акча каражаттарын мыйзамсыз которуу фактысы боюнча кылмыш жоопкерчилигине тартылышты. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы кабарлады.



Маалыматка ылайык, аталган кызмат адамдары жеке пайда көрүү максатын көздөшүп, 2014-2019-жылдары айыл өкмөттүн аймагында курулуш иштерин жүргүзүү үчүн туруктуу коррупциялык байланыш түзүшкөн. Алар мамлекеттик сатып алууларга жарыялабастан, конкурс өткөрүшүп, өзүнө ыңгайлуу куруучулар менен тикелей келишим түзүшүп, аларга акча каражаттарын курулуш толук бүтө элек, аткарылбаган жумуштарга которушкан жана сапатсыз курулуштарды кабыл алышкан.

Тергөө аракеттеринин жыйынтыгында белгилүү болгондой, жалпысынан мамлекетке 2 млн 409 миң 111 сомдук зыян келтирилген.

Мындан сырткары, айыл өкмөттүн мурдагы башкы бухгалтери Б.Ж. өзүнүн кылмыш иштерин жашыруу максатында бардык бухгалтердик документтерди уурдап кеткендиги боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 381-беренеси (Документти, мөөрдү же штампты уурдоо) менен айыбы угузулган.

Бул кылмышка тиешеси бар Жаңы-Жер айыл өкмөтүнүн Кызмат адамдарына жана жеке ишкерлерге карата материалдар өзүнчө өндүрүшкө бөлүнүп, учурда тергөө иштери жүрүп жатат.

Тергөөнүн жыйынтыгы менен С.Э., Б.Ж. жана А.А. карата Кылмыш-жаза кодексинин 336-беренесинин (Коррупция) негизинде кылмыш жоопкерчилигине тартылышып, кылмыш иш негизинен кароо үчүн Лейлек райондук сотуна жиберилди. 



Пикирлер (3)

Коопсуздук коду
Айбек
Саатбек менен Бекжан Эл уурулары Жалганчылар! Прокуратурага Рахмат кылымыш Иштерин ачканына 👍👍
Айбек
Саатбек менен Бекжан булар Элдин акчасын жегендер! Эл бузарлар бироого куру доомат койгонду жакшы билишет! Мисалы-Зулушевти таанышпайт бирок Турабайдын Окул баласы деп. Камила Таллиева, Нуркамал Набиевти, Ашим Тагаевти а туу башттуу аваларды жана Айбалаев Кыдырбекти баарын болбогон жалган маалыматтар менен элге жаман корсотуу учун туура эмес маалыматтар таркатышкан! Саатбек менен Бекжан Эл уурулары Булар Уюушуп Элдин акчасын жеген корупционерлер! Прокуратурага Чондон чон Рахмат!
Канат Элмуратов
Жалган баары чындыкты суйлогон адамдар булар