Бугу 12, 2024
Убакыт: 10:15
USD
88.50
89.40
EUR
95.00
96.00
RUB
0.950
0.970

Башкы прокуратура Гүлбара Калиева боюнча Тартип комиссиясына сунуштама жөнөттү

29.12.2020 19:05
715
Башкы прокуратура Гүлбара Калиева боюнча Тартип комиссиясына сунуштама жөнөттү

Башкы прокуратура Жогорку соттун төрайымы Гүлбара Калиева боюнча Судьялар кеңешинин Тартип комиссиясына сунуштама жөнөттү. Бул тууралуу "Азаттык" үналгысы билдирди.


Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет Калиева коррупцияга байланыштуу шек саналып жаткандыктан тергөө органдары аны жазык жообуна тартуу максатында Тартип комиссиясына сунуштама бериш үчүн Башкы прокуратурага өтүнүч келтиришкенин 26-декабрда маалымдаган.


УКМКнын төрагасы Ташиев 24-декабрда журналисттерге маалымат берип жатып Жогорку сотто «Жергиликтүү сот» автоматташтырылган маалыматтык системасын ишке ашыруу боюнча коррупциялык схема аныкталганын билдирген. Ташиев ага төрайым Гүлбара Калиеванын тиешеси бар экенин, эгер Тартип комиссиясы макулдугун берсе ал дароо камакка алынарын айткан.


Калиева өзү 29-декабрда «Азаттыктын» түз эфиринде сүйлөп жатып Ташиевдин билдирүүсүнөн кийин Жогорку соттун каржылык документтери текшериле баштаганын, бирок анын айткандарына далил табылбай жатканын билдирди.


Калиеванын атымында, атайын кызмат сөз кылып жаткан иш быйыл жазында, апрель-май айларында ачылган, өзү бул тууралуу сентябрда уккан, бирок чоо-жайын расмий түрдө эмгиче эч ким түшүндүрүп бере элек. Төрайым белгилегендей, Жогорку сотту санарипке өткөрүү долбоорун Европа Биримдиги ишке ашыргандыктан ага кийлигишүү болгон эмес жана жеке өзү эч кандай документке кол койгон эмес.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн