Башкы прокуратура УКМКнын тергөө камак жайынан ооруканага түшүп, каза болгон саясий серепчи Марат Казакпаевдин өлүмү боюнча тергөө иштерин баштады. Бул тууралуу мекеменин маалымат кызматынан кабарлашты.
"Башкы прокурата тарабынан саясий серепчи Марат Казакпаевдин өлүмү боюнча текшерүү аракеттери башталды. Текшерүүнүн жыйынтыгына жооптуу адамдарга юридикалык баа берилет", - дешти мекемеден.
Белгилей кетсек, 9-июнда Марат Казакпаев оор абалда ооруканага жеткирилип, комага түшкөн.
Серепчи 10-июнда №1 шаардык клиникалык ооруканасында көз жумган.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн