Аяк оона 21, 2024
Убакыт: 19:48
USD
84.00
84.50
EUR
93.30
94.30
RUB
0.900
0.940

Башкы прокуратура: Мектепти курууда 24 миллион сомдон ашык зыян келтирилген

28.12.2020 13:28
952
Башкы прокуратура: Мектепти курууда 24 миллион сомдон ашык зыян келтирилген

Кара-Суу райондук прокуратурасы Ош облусунун Кара-Суу районунун Киров айылындагы 720 орундуу мектептин курулушун текшерүүдө мамлекетке 24 млн 209 миң 93,86 сомдук зыян келтирилгендигин аныктаган. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы билдирет.


Маалыматка ылайык, аталган мектептин курулушу «Акмат Курулуш» жоопкерчилиги чектелген коомуна тапшырылып, 159 005 463 сомго келишимдер түзүлгөн жана 2019-жылдын 5-сентябрында мектеп пайдаланууга берилген.


"Бирок райондук прокуратура аныктагандай, Сарай айыл өкмөтүнүн жана «Акмат Курулуш» ЖЧКнын кызмат адамдары мектептин курулушу боюнча аткарылган жумуштардын актыларына жалган маалыматтарды киргизүү жолу менен айрым жумуштарды (наркын) жогорулатылган баада, иш жүзүндө аткарылбаган жумуштарды аткарылды деп, ошондой эле айрым аткарылган жумуштарды кайталап киргизишкен", - деп айтылат маалыматта.


Бул факты үстүбүздөгү жылдын 4-декабрында Кыргыз Республикасынын Жазык кодексинин 320-беренесинде ("Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу") көрсөтүлгөн кылмыштын белгилери менен райондук прокуратуранын Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, сотко чейинки өндүрүш башталды.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн