Бугу 09, 2024
Убакыт: 05:56
USD
88.50
89.40
EUR
94.80
95.80
RUB
0.955
0.975

Башкы прокуратура: Мугалимдер Садыр Жапаров менен жолугушууга өз ыктыяры менен барган

22.12.2020 18:55
1292
Башкы прокуратура: Мугалимдер Садыр Жапаров менен жолугушууга өз ыктыяры менен барган

Башкы прокуратура Өзгөндө президенттикке талапкер Садыр Жапаров менен жолугушууга мугалимдерди жана бала бакчалардын тарбиячыларын мажбурлап алып келишти деген маалыматты тактады.


"Мугалимдерди жана тарбиячыларды Жапаров менен шайлоочулардын жолугушуусуна мажбурлап алып кетишти деген маалымат чындыкка дал келбейт", - деп билдирди Башкы прокуратура.


Бул факты боюнча Ош облусунун Өзгөн районунун прокуратурасы тарабынан атайын, ар тараптуу текшерүү жүргүзүлүп, Өзгөн районунун ички иштер бөлүмү маалыматтарды реестрге каттагандыгы көрсөтүлгөн.Текшерүүнүн жүрүшүндө Өзгөн шаарында Садыр Жапаров менен болгон жолугушууга бир бала бакчанын тарбиячысы жана орто мектептин тогуз мугалими катышкандыгы аныкталды. Алар өз ыктыярлары менен келгендиги баса белгиленди.


Буга чейин БШКга Ички иштер министрлигине мугалимдерди Садыр Жапаровдун үгүт иш-чараларына катышууга мажбурлоо боюнча дагы бир фактыны текшерүү тапшырмасы берилгени маалымдалган. БШКнын жумушчу тобунун мүчөлөрү «Жалпы иш» коомдук фондусунун Аксы районунун мугалимдерин президенттикке талапкер менен жолугушууга мажбурлап алып келгендиги боюнча арызын карашты.

Пикирлер (1)

Коопсуздук коду
Таа
Досу айтти демек чындыкка дал келбейт да