Чын курандын 08, 2025
Убакыт: 18:13
USD
87.00
87.50
EUR
95.20
96.20
RUB
1.010
1.050

Башкы прокуратура Ош облустук сотун жаранды мыйзамсыз камаган деп айыптап жатат

21.02.2022 15:44
921
Башкы прокуратура Ош облустук сотун жаранды мыйзамсыз камаган деп айыптап жатат

Ош облустук прокуратурасы тарабынан мыйзамсыз камакта кармоо фактысы аныкталды. Бул тууралуу Башкы прокуратурасынын басма сөз кызматы билдирет.


Алсак, Ош облустук сотунун жооптуу кызматкерлеринин мыйзамсыз жана негизсиз аракеттеринен улам, КР Конституциясынын 59-беренесинин талабы одоно түрдө бузулуп, И.Б. аттуу адам 4 күн мыйзамсыз камакта кармалган.

Аталган факты боюнча Ош облустук прокуратурасы тарабынан Кылмыш-жаза кодексинин 191-беренеси (“Мыйзамсыз камакка алуу же камакта кармоо”) менен кылмыш иши козголуп, учурда тергөө амалдары жүргүзүлүп жатат.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн